"Өкмөттүн бардык булактары коронавирус илдети менен алышып жатат" деди өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүн, 5-августагы брифингде.
"Абал оор, алдыда экинчи толкун болот деген маалымат айтылып жатат. Муну биз эмес, бардык өлкөдө айтылууда. Ошондуктан дагы деле эрежелерди катуу сактоого тийишпиз.
Жакында окуу башталат. Андыктан биз окуучуларга, студенттерге сапатуу ошол эле убакта аралыктан интенсивдүү билим беришибиз керек. Азыр Билим берүү жана илим министри иштеп жатат. Ошондой эле кышка даярдануу маселеси бар. Кудай сактасын, экинчи толкун боло турган болсо биз ага даяр турушубуз керек. Андыктан биз ага даярданып башташыбыз керек", - деди Боронов.