Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө күн 28 градуска чейин ысыйт. 6-августка карата өлкө аймагындагы аба ырайы

Эртең, 6-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +36…+38.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан