5-августтан 25-августка чейин Билим берүү жана илим министрлиги "Санарип мугалим" бир айлыгын өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"2020-2021-окуу жылында мектепке чейинки, мектеп алдындагы жана мектептик билим берүү программаларын ишке ашырууга даярдануу жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында республиканын бардык билим берүү уюмдарында "Санарип мугалим" бир айлыгы жарыяланууда", - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.
Бир айлыктын алкагында 2020-жылдын 5-августунан 25-августуна чейин төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
Ошондой эле институт тарабынан 2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн 72 сааттык "Дистанттык технологияларды колдонуу менен билим берүү уюмдарын башкаруу" модулу иштелип чыгат жана окутуу семинарлары өткөрүлөт.
Быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен билим берүү системинин кызматкерлери үчүн август конференциясы онлайн режиминде өтөт.