Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл облусунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берилди

Бүгүн, 5-августта Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын отурумунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, уруксат берүү менен бирге айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания ээлерине жоопкерчилик жүктөлөт.

“Райондор жана региондор аралык жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилет. Бирок бет кап тагынуу режимин, санитардык нормаларды сактабаса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт”, - деп баса белгиледи өкүл.

Ысык-Көл облусунда райондор жана региондар аралык каттам 10-июлда токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан