Өлкөнүн түштүк аймагындагы 2 жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 5 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Баткен облусунун Баткен районундагы Кызыл-Жол айылында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 44 жаштагы эркек адам каза болуп, дагы 2 эркек адам ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге ӨКМнын 8 куткаруучусу барып, каза болгон жаранды ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Экинчи жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 633-чакырымында катталган. Анда ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четинде токтоп турган SCANIA оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен эки эркек адам каза болуп, үч эркек адам жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын 4 куткаруучусу барып, каза болгон жарандардын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.