Биз социалдык тармакта

Ошко Москвадан 155 Кыргыз жараны кайтып келди

Бүгүн, 5-августта "Ош" эл аралык аэропортуна "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы учуп келди. Бул каттам менен мекенине Орусиядан 155 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бул каттам чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана өлкөгө кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен, Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча, Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар кирди. Ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар (оор илдеттери бар жана буга чейин Орусияга хирургиялык операция жана башка медициналык процедураларды жасатууга келген жарандар, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу кайтууга себептери бар жана татаал турмуш кырдаалына кептелгендер) киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Moskva93
2020-08-06 02:16:59
Мен тушунбодум карантин башталгандан бери Россиядан Кыргызстанга 18 миңден ашык жаран чартердик рейс менен учуп кетишти. Качан караба орукчандар боюнда барлар дейт эмне биздин эл Москвага иштегени эмес орукчандар эле келгенби деген ой келет
Боюнда барларды тушунсок болот чоң казатка рахмат чоон
+1
Majit1975
2020-08-06 13:36:46
Moskva93,мен да ошону айтайын дегем
+1
Mashyrbek
2020-08-06 04:57:06
Бизнес посольство 30 минден белет берип атат учарда 10 минден дагы бербесен болбогон шылтоо менен учурбай койот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан