Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта жүрүп, көз жумган медицина кызматкерлеринин катарлары дагы бир канча ысымдар менен толукталды. Алар пандемиянын бардык кыйынчылыгын биринчилерден болуп баатырдык менен тосуп алып, анын кесепеттерин жоюу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенген адамдар. Бүгүн мекендештерибиздин бакубатчылыгы үчүн жанын берген ак халатчан баатырлар менен коштошууга туура келип турат", - деп кайгыруу менен белгиледи мамлекет башчысы.
Президент кыргыз эли акыркы күндөрүнө чейин берген антына бекем турган дарыгерлердин ысымдарын ар дайым эстеп жүрөрүн баса белгиледи.
Алар:
"Кыргыз жарандары адамдардын ден соолугун жана өмүрүн сактап калуу үчүн алардын жасаган көп жылдык эмгектерине болгон ыраазычылыктарын жүрөктөрүндө түбөлүккө сакташат. Пандемия башталган күндөн тартып алар коронавирус инфекциясына каршы алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштурууга чоң салым кошушту. Медицина кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди президент Сооронбай Жээнбеков.