Акыркы кезде Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында финансылык пирамида оюндарына катышып жаткандар көбөйүп жатканы байкалууда. Ушундай оюндардын кесепетинен көптөгөн жарандарыбыз акча каражаттарын алдатып, кайра алалбай жатышат. Мындай маалыматты Балыкчы шаардык мэриясынан билдиришти.
Мэрия тургундарды мындай оюндарга катышуудан сак болууга чакырып, кайрылуу жасаган.
"Азыркы убакта Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында акча каражатын салып жана аны эки эсе көбөйтүү боюнча финансылык пирамида оюндарына күбө болуудабыз. Эгерде сизге кандайдыр бир акча каражаттарын көбөйтүү боюнча финансылык пирамида оюндарына кошулуп ойноого чакырыктар болсо, мындай алдамчылык жолдорго барбооңуздарды сунуштайбыз", - деп айтылат кайрылууда.