Биз социалдык тармакта

"Аралыгы 53 чакырым". Казакстандын Азия чемпиону Ысык-Көлдү сүзүп өттү

Казакстандык суучул, Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 10 жана 5 чакырым аралыкта ачык сууда сүзүү боюнча Азиянын чемпиону Виталий Худяков Кыргыз өлкөсүндө дагы бир рекорд койду. Бул тууралуу чемпион өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 5-августта ал дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн бермети болгон Ысык-Көлдү сүзүп өткөн. Сууда сүзүү августтун биринчи күндөрүнө пландаштырылган. Бирок аба ырайы начар болгондуктан жылдырылган.

Худяков сүзүүгө жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:15 чамасында көлдүн түндүк жээгинен чыгып, саат 18:30 чамасында Кажы-Сай айылына чейин барып, 13 саат 18 мүнөт ичинде 53 чакырымды сүзүп өттү. Сууда сүзүү деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жасалгандыгы менен татаалдашты. Худяковду кайыкта машыктыруучусу Ахмед Анарбаев коштоп жүрдү. Жээкте сүзүүчүнү колдоо тобунун мүчөлөрү гана эмес, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар тосуп алышты. Худяковдон мурун сүзүүчүлөрдүн бири да көлдү ушул жол менен кесип өткөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Muratsatybaldiev
2020-08-06 13:46:04
Азамат баракелде. 53 чакырымды жөө баскан кыйын го.
0
ilgizk
2020-08-06 16:40:24
Дем алып дем алып сүзүп келсе керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан