Биз социалдык тармакта

Сузакта шар аккан сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине эскертүү берилди

Сузак РИИБи тарабынан аптаптуу күндөрү суу кырсыктарынын алдын алуу максатындагы түшүндүрүү иштери улантылууда. Милиция кызматкерлери район аймагында сууга түшүүчү жайларды көзөмөлгө алып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

"Шар аккан каналдардын тосмолоруна сууга түшкөн жаш балдарга жана ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч алып келген жайларда сууга түшүүгө мүмкүн эместиги жеткирилди. Ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөл кылуу керектиги, алардын өмүрү баарынан кымбат тураары айтылды", - деп билдиришти ОИИБинен.

Эске салсак буга чейин райондук милиция тарабынан сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген аймактарга эскертүү белгилери орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан