Биз социалдык тармакта

Мектепти гүлгө ороп, жашылдандырган жаран сыйланды

Бишкек шаарындагы №67 мектептин айланасын Рахматилла Амиров көп жылдан бери өз демилгеси менен жашылдандырып келет. Жашылдандырууга көп жылдык кол эмгегин, көз майын жумшаган эмгек ээсине Бишкек шаарынын мэриясы ыраазычылык билдирип, сый баракчасын тапшырды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Назгүл Жамгырчиева төмөнкүлөрдү айтты.

"Рахматилла Амиров менен бизди анын жакын таанышы байланыштырып, эмгеги тууралуу айтып берди. Биз анын шаардын кооздугун жаратуудагы, жашылдандыруудагы талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип коюуну чечтик.

"Бишкек жашылчарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Эльнура Жолдошева байкеге ыраазычылык баракчасын, биздин күнөсканадан үч кап өсүмдүк топурагын жана бакча топтомун тапшырды. Тургундардын жашыл демилгелерин колдоо жана алар менен чогу иштешүү үчүн биз байкени райондун агроному, устаты жана мураптары менен тааныштырдык. Рахматилла Амировго чоң рахмат", - деди басма сөз өкүлү.

Кошумчалай кетсек Рахматилла Амиров аталган мектептин айланасында жашабайт. Ал башка жактан келип, мектептин айланасын көп жылдан бери жашылдандырып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AidaKurman
2020-08-06 16:28:10
Азаматсыз
+6
milan-707
2020-08-06 16:48:46
Капитальный красавчик
+1
Raihan0602
2020-08-06 17:22:21
Мактоого татырлык иш жасапсыз баракча эле берип койбостон башкача ыраазычылык билдирсеңер жакшы болмок экен Эльнура эжекеси
+9
Siren90
2020-08-06 23:13:29
Топурактан башка сыйлык берсеңер болмок, жеп ичип отургандарга деле берилип жүрбөдү беле алтын саат дегендер
+2
Dikowka93
2020-08-07 20:48:54
Siren90,чын эле топурак дейтго уялбай...жок дегенде акчалай сыйлык берип койбоптур аа
0
ulua
2020-08-07 21:23:26
нефегасех,топурак!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан