Бүгүн, 6-августта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында, тагыраагы Чүй облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 6-августта саат 12:41де Кыргыз өлкөсүнүн аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайырма, Букара, Тельман айылдарында жана Жайыл районунун Сосновка, Сары-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдиришти ӨКМдан.