Алматыда катуу сабалып ооруканага түшкөн мурдагы кыргыз футболчусу Эмил Кенжесариевдин абалы жакшырууда

13-сентябрда футбол боюнча Казакстан чеберлер лигасынын башчысы Михаил Гурман ооруканада жаткан кыргыз футболунун тарбиялануучусу Эмил Кенжесариевди көрүп келди. Михаил Гурман: “Эмилдин абалы күндөн-күнгө жакшырып жатат. Өзү менен сүйлөштүм, көп нерселер эсинде жок экен. Бирок мени тааныды. Мурда футбол ойноп жүргөнүн жана кайра футболго кайткысы келерин айтты. Азыр Эмилди байкеси Рустам карап жатат. Азырынча футболго кайтуусу жөнүндө кеп козгоого эрте” – деди. Эске салсак, Эмил Кежесариев 11-август күнү Алматы шаарында катуу сабалып, эс учун жоготкон абалда ооруканага түшкөн. Аны сабаган деп шектелип клубдардын биринде күзөтчү болуп иштеген 20 жаштагы жигит кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. Айта кетсек, Кенжесариев "Кыргызстандын 2004-жылдагы мыкты футболчусу" деп табылган. Учурда казакстандык “Актобе” футбол командасынын коргоочусу.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos7
2013-09-14 09:30:50
Тез сакайып кет!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан