Биз социалдык тармакта

Пандемияда кайтыш болгондор үнсүз эскерилет

Бишкек мэриясы коронавирус курмандыктарын шам жагып эскерүү акциясын демилгеледи. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 29-августта Бишкек шаарынын мэриясы COVID-19 жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган "Эскерүү шамы" акциясын өткөрөт.

“Саат 21:30 да үйлөрүбүздөгү жарыктарды өчүрүп, терезелерди ачып, шамдарды күйгүзүп, каза болгондорду эскерели”, - деп билдиришти мэриядан.

Пандемияда кайтыш болгон маркумдар эскерилет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
sultan89
2020-08-07 10:57:34
Крести да жанынарга койуп алгыла биротоло
+2
i1urp
2020-08-07 12:07:20
Бул демилгени мен колдойм. Эскериш керек. Арабча дубаларды окубай, кыргыздын гимнин коюп эскеруу керек, же кыргыздын конур унду комуз ырларын коюп эскеруу керек.
-6
hi0105
2020-08-07 12:15:48
i1urp,сен гимн менен комузду коюп алып эскере бер мусулмандарга акыл уйротпой
+7
akskg
2020-08-07 12:55:10
Шам жандырган мусулманчылыкта жок, тообо кылдым!!! Андан коро куран окуп ссобун багыштаган жашы.
+5
i1urp
2020-08-07 13:06:49
akskg,
Элдин баары эле динчил эмес да. Кыргыз болсон Созсуз турдо эле арабтардын ырым жырымдары менен эскериш керек бекен. Кыргыздар озунчо эл болгон сон, арабтардын ырым жырымын колдонуп кереги жок.
-6
Oven
2020-08-07 18:15:07
i1urp, Эмне учун арабдардын ырым жырымы? Кыргызча элекалпак кийип, боорсок бышырып, куран окуп олгондорду эскерип койсо жаманбы? Свеча жагып, чокунбай же шам отуна сыйынбай эле?
+1
Aimani
2020-08-07 13:36:35
Ашыкча динчил эмесмин бирок, шам жакпай эле бир убакытты белгилеп ошол маалда ар бир үйдө куран окуп эскерели десе туура болмок го.
+5
bekhaliev
2020-08-07 13:58:05
Шам жагып шампанский ачып тос суйлоп кыздар менен отурсан а,
+1
Oven
2020-08-07 17:59:17
Шам жагуу(свеча жагуу) христиандардын жоролгосу, Кыргыз шаманизм учурунда дагы, мусулманчылыкты алгандан бери да, шам жагып олгондорду эскерген эмес! Маркумдарды эскеруунун коп жолдору бар. Жалпы элдик, шаардын денгээлинде эскерсек, Кыргыз мамлекетинде жашап жаткан сон, оз менталитетибизге туура, мейиттерге сооп болгудай куран окуу менен эскерсек!
Ушуну "Курман раазы болсун" окуса "Инициатор итти" жазаласа!?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан