Биз социалдык тармакта

"Элдешип алышты". Бишкекте күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, кызматкерге кол көтөргөн айдоочунун иши токтотулду

Бишкекте жол тандабас унаасынын айдоочусу күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, андан соң кызматкерге кол көтөргөн айдоочунун иши токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш өндүрүштөн 24-июнь күнү кыскартылган.

"Эки тараптын элдешүүсүнө байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган",- деп билдирди басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

6-июлда Бишкекте жол тандабастын айдоочусу күзөтчүнүн кабинасына келип, күзөт кызматкерине кол салган видеосу жарыяланган. Окуя Тоголок Молдо менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу мас абалында болгон. Айдоочу алгач Токмоктогу посттон кызматкерлер тоскондо токтобой өтүп кеткен. Анын артынан кууп барып, Кеминден кармашкан. Айдоочуга иш козголуп, ал эки айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-08-07 14:45:43
Элдешүү бүл жакшы нерсе, бирок коомдук тартипти бузуп акча менен элдеше берсе анда эмне болот аягы, кылмышкерлер ошондуктан азайбайт да бизде!
+6
-BOSS-
2020-08-07 14:54:01
Дамкраты күчтүү неме го
+5
Aimani
2020-08-07 15:34:53
Закон иштебейт бизде
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан