Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Түркия аба каттамдары бүгүндөн тартып жанданат

Кыргыз-Түркия аба каттамдары 7-августтан тартып туруктуу жандана баштайт. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

"Авиа Траффик" авиакомпаниясы Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча аптада 2 жолу,

Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча аптада бир жолу;

"Түрк Аба жолдору" авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча аптада 2 жолу;

"Пегасус" авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча аптада 2 жолу.

Эсиңиздерге сала кетсек, коронавирустун жайылуусуна байланыштуу 2020-жылдын 20-мартынан тартып, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында бардык эл аралык каттамдар токтотулуп, жарандарды мекенине кайтаруу үчүн чартердик рейстер гана аткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан