Beeline’дын жардамы: Кыргыз өлкөсүнүн аймактарына кычкылтек концентраторлору, дарыгерлерге жана муктаж үй-бүлөлөргө даректүү жардам

Коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында, Beeline өлкөнүн аймактарына көмөк көрсөтүүгө умтулууну туура көрдү. 6-7-августта, уюлдук оператордун кызматкерлери аймактык медициналык мекемелерге кычкылтек концентраторлорун өткөрүп беришти.

Ар бири эки адамга ылайыкталган, жакшыртылган 20 комплект сатып алынды. Концентраторлор төмөнкү медициналык мекемелерге өткөрүп берилди:
• Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы - 5 даана,
• Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы – 2 даана,
• Сузак районунун Октябрь аймактык ооруканасы – 1 даана,
• Ташкөмүр аймактык ооруканасы – 1 даана,
• Баткен облустук бириккен ооруканасы – 2 даана,
• Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасы – 2 даана,
• Кадамжай аймактык ооруканасы – 1 даана,
• Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук бириккен ооруканасы – 1 даана,
• Нарын районунун үй-бүлөлүк медицина борбору – 2 даана,
• "Дархан" үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу" мекемеси – 2 даана,
• "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун үй-бүлөлүк медицина борбору" мекемеси – 1 даана.

Буга чейин 2020-жылдын апрель айында Beeline, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда катуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 1 миллион сом которгон. Бул каражаттарга азык-түлүк жана керектүү буюмдар сатып алынып, ажаттуу адамдарга даректүү түрдө таратып жатышты.

Ошондой эле Beeline’дын мамлекетке жана жарандарга жардам көрсөтүү боюнча демилгелеринин бири – дарыгерлерге, штабдардын кызматкерлерине, ыктыярчыларга даректүү жардам берүү, студенттер жана мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тарифтерди сунуштоо. Республикалык штаб үчүн атайын тынымсыз байланыш номери ачылды. Beeline, байланыш-борборунун кызматкерлери, гуманитардык жардамга муктаж болгон жарандардын арыздарын чогултуп, иштеп чыгып, штабга өткөрүп берип жатышты. Компаниянын абоненттерине атайын сайттарды жана билим берүү ресурстарын тарифтештирүүсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгү, нөлдүк баланста өтө шашылыш чалууларын аткаруу жана коронавирус маселелери боюнча тынымсыз байланыш телефондоруна акысыз чалуу мүмкүнчүлүгү, акысыз пакеттер жана роумингдеги абоненттерге чалуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Андан тышкары SIM-карталарды жана байланыш түзмөктөрүн жеткирүү кызматы түзүлдү.

Beeline, Кыргызстандын элине жардам көрсөткөн мекемелерге жана ошондой эле четте турбаган жана ден соолугуна болгон коркунучка карабастан, вируска каршы алдыңкы катарларда иш алып барган жарандарга терең ыраазычылыгын билдирет.

Beeline: сизге жана жакындарыңызга кам көрүү менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан