Биз социалдык тармакта

ЖАМК №1 абактын бөлүм башчысы 2 килограмм 975 грамм баңгизат менен кармалганын маалымдады

ЖАМК №1 абактын бөлүм башчысы 2 килограмм 975 грамм баңгизат менен кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, кызматкер бүгүн, 7-август күнү саат 09:50 чамасында кармалган.

"№1 абактын көзөмөл өткөрүү пунктунда мекеменин медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы Т.З. аттуу кызматкери кармалды. Аны текшерүү учурунда колундагы эки баштыктын ичинен өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү, салмагы болжол менен 2 килограмм 975 грамм баңгизат табылган.

Азыркы учурда аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМКнын тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан