Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен онлайн-кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 7-августта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Ага ылайык, онлайн-кеңешмеде республикалык бюджеттин аткарылышынын азыркы абалы талкууланды. Ошондой эле медицина кызматкерлерине төлөмдөр, улуттук долбоорлор менен социалдык программаларды каржылоо, ошондой эле мектептер менен ооруканаларды реконструкциялоого каражат бөлүү маселелери тууралуу сөз болду.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева 7 айдын ичинде республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип, бюджет тартыштыгын жаба ала турган кошумча резервдерди издеп табуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков бюджеттин чоң тартыштыгына карабастан, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация түйүндөрүн куруу жана реабилитациялоо боюнча программа сыяктуу мурда башталган улуттук долбоорлор үзгүлтүккө учурабашы керектигин белгиледи. Түзүлгөн кырдаалда бюджетте иштегендерди мамлекет тарабынан колдоонун маанисине токтолду.

"Дарыгерлердин эмгек акылары жана кошумча төлөмдөрү мыйзам алкагында, өз убагында берилиши керек", - деп белгиледи өлкө башчысы.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков пандемиялык кырдаалдан улам токтоп калган мамлекеттик ипотекалык программаларды каржылоону улантуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары мамлекет башчысы авариялык абалдагы мектептер менен ооруканаларды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча иштерди пландык каржылоонун маанисин баса белгиледи.

"План боюнча оңдоп-түзөөдөн өтө турган авариялык мектептерди каржылоо маселесин жеке көзөмөлүңүзгө алсаңыз. Оңдоп-түзөө иштери кандай болгон күндө дагы токтобошу керек", - деп өзгөчө баса белгиледи президент каржы министри Бактыгүл Жээнбаевага кайрылып.

Ошол эле маалда аймактардагы ооруканалардын оңдоп-түзөө иштерине каражат өз маалында бөлүнүшү керектигин белгиледи.

"Мен аймактарды кыдырып чыктым. Көптөгөн ооруканалар ар кандай жалган реформалардан улам жабылып, орундардын саны кыскарып кеткен, жыйынтыгында медицина мекемелеринин имараттары абдан эскирген. Азыр аларда капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды, аларды кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү жана кышка чейин имараттарды пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди. Каржылоодо маселе жаралбашы керек", - деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан