Бишкек шаардык мэриясында дагы кадрдык алмашуулар болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, буга чейин мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы болгон Каныбеков Сатыбек Каныбекович Биринчи Май районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Адилет Малдыбаев аркалап келсе, учурда ал муниципалдык администрациянын башчысынын милдетин убактылуу аткарып жатат.
Тийиштүү буйрукка борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койгон.
.