"Парламенттик шайлоого аттанууну чечтим". Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматтан кете турганын жарыялады

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады.
"Мындан аркы саясий ишмердүүлүгүмдү бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, парламенттик шайлоого аттанууну чечтим. Жалпыңыздарга дагы бир ирет ыраазычылык билдирем! Элибизде тынчтык, ынтымак, мамлекетибизде өнүгүү болсун", - дейт Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаевке эртең менен байланышканыбызда кызматтан кетүү тууралуу азырынча эч нерсе айта албай турганын билдирген.
Ал 2018-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан