Президент: "Санариптештирүү тез эле ишке ашып кетпейт. Биздин өлкөдө кеч башталып калды"

Санариптештирүү тез эле ишке ашып кетпейт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Биздин өлкөдө кеч башталып калды. Бирок азыр жыйынтыктарын бере баштады. Айрыкча бажы, салык системинде жана башка каражат түшкөн системдеринде санариптештирүүнү тездетип жатабыз.

Ошонун жыйынтыгын бере баштаганда, айлыктарды көтөрө баштайбыз. Бул келечектин иши. Бүгүн-эртең көтөрүп жиберем деп куру убада бере албайм. Бирок канча тездетсек, көмүскө экономиканы алып чыксак, ошого жараша биз айлыкты көтөрөбүз. Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айлыктарын көтөрдүк. Эми стационарда иштегендердин айлыгын көтөрөбүз. Ал боюнча тапшырма берилди жана анын жолдорун издеп жатабыз. Көтөрбөсөк болбойт", - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан