Биз социалдык тармакта

7 айда жарандардын даттануулары боюнча 10 салык кызматкери жазаланды

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 7 айында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча, ведомствонун 10 кызматкерин жазалады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салык мыйзамын бузгандыгы үчүн 4 ишкер административдик жазага тартылды.

"Жалпысынан жыл башынан бери Салык кызматына жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 87 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 41 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 29, “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш номерине” – 17. Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 33 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү болсо, 16 – ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон. Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча, кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 16 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 7 – тастыкталды, 6 – жарым-жартылай тастыкталды, 2 – кароо стадиясында турат жана 2өө маалымат үчүн.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер ротацияланды, 1 катуу сөгүш, 5 – сөгүш, 2 – эскертүү жарыяланды. Мындан тышкары бир даттануу боюнча материалдар ИИМге өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан