Биз социалдык тармакта

Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Жаныш Азизов каза болду

Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Жаныш Азизов пневмониядан каза болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал 1954-жылы Чүй районундагы Токмок шаарында туулган. Билими жогору. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Ички иштер органдарындагы кызматын 1983-1984-жылдары Кыргыз ССРнин ИИМдин саясий бөлүгүнүн инструктору болуп баштаган. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө отставкага (жаш курагына байланыштуу) кеткен. 2014-2017-жылдары ИИМдин катчылыгынын (келишим боюнча) башчысы, 2017-жылдан 2019-жылга чейин ИИМдин катчылыгынын башчысы (келишимдик негизде) башчысы кызматтарын аркалаган. 2019-жылдан бери ИИМдин катчылыгынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын башкы адиси болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан