Салык кызматы сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарылдыгын эскертти. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
"1-сентябрга чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарылдыгын Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Жарандар салык органына барбастан, өзү үчүн ыңгайлуу салыктын төлөө ыкмасын тандап алса болот. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот", - деп жазылат маалыматта.