Президент: "Калкты таза суу менен камсыз кылуу президенттик шайлоодо берген негизги убадаларымдын бири"

Президент Сооронбай Жээнбеков маанилүү долбоор - 2024-жылга чейин бардык аймактардагы 822 айылды таза суу менен камсыздоо экенин айтты. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоорду каржылоо 33 миллиард сом гранттык негизде жана узак мөөнөттүү насыялык каражаттар менен ишке ашырылат.

"Калкыбыздын 60 пайызы таза сууга муктаж. Таза суу - бул ден соолук, балдардын келечеги. Таза суу болбосо, калктын ден соолугу бекем болбойт, оорулуулар көп болот. Таза суу бар жерде оору да аз болот. Баары тең суу менен, тамак-аш менен байланышкан. Калкты таза суу менен камсыз кылуу президенттик шайлоодо берген негизги убадаларымдын бири", - деди Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан