15-сентябрда Казакстандын Астана шаарында көк бөрү боюнча Азия чемпиондугунун финалы өтүп, Кыргызстандын курама командасы 2-орунду ээледи. Кыргызстан менен Казакстандын командалары беттешип, жыйынтыгында Казакстан Кыргызстанды 4:2 эсебинде утуп, жеңүүчү аталды. Тажикстан Кытайды 3:0 эсебинде утуп, 3-орунга ээ болду. Айта кетсек, 1-орун үчүн 75 миң доллар, 2-орунга 45 миң доллар, ал эми 3-орунга 35 миң доллар сайылды. Эске сала кетсек, чемпиондук 10-15-сентябрь күндөрү болуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан, Түркия, Монголия жана Кытай курама командалары катышты.