Журналист Семетей Аманбеков социалдык тармактагы жеке баракчасына буканын будуң-чаң салып, адамдарга тап берип, сүзгүлөп жатканын чагылдырган видео жүктөдү.
Ал "биздин өлкөдө ушундай учурлар үчүн атайын кызматтар жокпу?" деп абал боюнча суроо салып, билдирүү калтырган.
Видеодо чагылдырылгандай бука бир эле кишини эмес, ал жерде соода кылган адамдарды жана унааны сүзгөн. Бул абал күлө турган учур эместиги, абайлоо керек экени тууралуу айтылган сүйлөшүүлөр угулат.