Коронавирус инфециясына каршы күрөшкөн дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көл облусуна эс алуу үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шарындагы ооруканаларда иштеген 182 медицина кызматкери Ысык-Көл облусундагы "Алтын Жай" пансионатына реабилитациялык өргүүгө кетишти. Алар жети күн эс алып, ден соолугун калыбына келтиришет.
Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөт COVID-19 жана пневмония менен жабыркаган, инфекция очокторунда иштеген медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү максатында Ысык-Көлдөгү пансионаттарга эс алуу уюштуруп жаткандыгын эскертти.