Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөгө 25 миңден ашык жаран кайтып келди. Бул тууралуу жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев онлайн брифинг учурунда айтты.
“Август айына чейин 200дөн ашык чартердик аба каттамдары аткарылып, 25 миңден ашуун жаран алып келинди. Бүгүнкү күнү чартердик каттамдарды аткаруу уланууда", - деп билдирди ал.
Ошондой эле ал белгилегендей, 5-июндан тарта Бишкек-Ош-Бишкек маршруту боюнча ички авиакаттамдар кайрадан жандандырылган. Биринчи каттам ушул жылдын 8-июнунда аткарылган, бүгүнкү күндө "Тез Жет" авиакомпаниясы көрсөтүлгөн маршрут боюнча үзгүлтүксүз негизде каттамдарды аткарып жатат.