Кыргыз өлкөсүнүн мыкты көк бөрүчүлөрүнүн бири, учурда Оштун "Достук" командасында ойногон спортчу Майрамбек Рыспеков үйлөндү. Бул тууралуу SUPER.KG порталы көк бөрүчүгө байланышканыбызда билдирди.
"Келинчегимдин аты Адина, 21 жашта. Таластын Манас районунан болот. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жылдан ашты. 8-август күнү кайын журтумдун астына барып, калыңын берип кызды алып келдик. Кудай буюрса карантин бүтүп, кафелер ачылса той беребиз. Азырынча айылга эле чакан той кылып, бата алдык", - деп билдирди ал.