Эртең, 11-августта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11, күндүз +22;
Талас облусунда түнкүсүн +13, күндүз +28;
Ош облусунда түнкүсүн +21, күндүз +32;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +19, күндүз +32;
Баткен облустарында түнкүсүн +19, күндүз +31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +17 күндүз +21;
Нарында түнкүсүн +10, күндүз +22 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16, күндүз +33.