"Бишкек шаарындагы "Нур-Суфра" тойканасынын администрациясы куран окутуу иш-чарасын өткөрүп жаткан жеринен кармалды", - деп маалымдады Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
"Албетте, санитардык нормалар сакталбай, эл көп чогулган. СЭИнин инспекторлору бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүп, 2-категориядагы айып пул салды.
Дем алыш күндөрү ушундай бузуулар "Улуу-Тоо" чайканасында, "Главпивтрест" кафесинде, компьютердик жана бильярд клубдарында аныкталды.10 күндүн ичинде 80 миң сомго 20 протокол түзүлдү. Санитардык рейддер дагы улантылууда", - деп билдиришти мэриядан.