Ош шаарында пневмония жана COVID-19 менен ооругандардын медициналык таштандыларын чыгаруу үчүн атайын таштанды контейнерлери орнотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Ош шаарынын мэриясынын атайын протоколдук тапшырмасына ылайык, "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы пневмония жана COVID-19 менен жабыркагандар үчүн ачылган обсервациялардан, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринен медициналык жана башка кооптуу таштандыларды санитардык эрежелердин негизинде жок кылуу үчүн таштанды полигонунда атайын чуңкурларды каздырып даярдады.
COVID-19 менен жабыркап, үй шартында дарыланып жаткан тургундардын үйлөрүнөн чыгарылган кооптуу таштандылар үчүн атайын таштанды контейнерлери төмөнкү даректерге коюлду:
1. Кулатов 14-үйдүн жанында;
2. Айтиев 13-үйдүн жанында;
3. Семетей кино театрынын жанында;
4. Карл Маркс атындагы мектептин жанында.