Биз социалдык тармакта

Биринчи Май райондук сотунда өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралууда

Биринчи Май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралууда.

Маалыматка ылайык, журналист 2020-жылдын 15-февралында Борбор Азиядагы Америка университетинин жана "Сорос" фондунун чакыруусу менен келген.

"Мени Өзбекстандын өтүнүчү менен кармашты. Документте мен каймана ат менен макала жазып жүргөнүм жазылган. Мага сырттан айып коюшуп, 23-июлда Ташкентте сотум болду", - деп айтып берген ал жергиликтүү басылмаларга.

Абдуллаев Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөнүн УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан