Биз социалдык тармакта

Социалдык тармактарда "Тез жардам" унааларын сатып алуу боюнча тарап жаткан видео тууралуу ӨКМнын жообу

Социалдык тармактарда "Тез жардам" унааларын сатып алуу боюнча тарап жаткан видео тууралуу ӨКМнын алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жообу. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн каржылоо жөнүндө келишимде жана сатып алуулар долбоорунун планында колдонулган товарларды сатып алуу каралган эмес. Буга байланыштуу техникалык мүнөздөмөлөр жана тендердик документтердин талаптары жаңы "Тез жардам" унааларын сатып алуу үчүн даярдалган.

Дүйнөлүк банктын эрежесине ылайык – жаңы товарлары менен (унаанын ичиндеги жабдуулар) колдонулган товарды (автоунааны) сатып алууга тыюу салынат.

Колдонулган "Тез жардам" унааларын сатып алууда төмөнкү маселелерге туш болуу мүмкүн:

1) өндүрүүчү заводдор жана расмий дилерлер колдонулган унааны сатууга чыгарышпайт, башкача айтканда, бул категория тендерге катышмак эмес;

2) колдонулган унаалардын абалын баалоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу чечим кабыл алуу процесси белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болмок, мисалы: автоунаалардын техникалык абалын баалоо;

3) автоунаалар үчүн кепилдик шарттарын камсыз кылуу боюнча маселелер жаралмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
faraon312
2020-08-11 00:11:59
Шакалдар, любой нерседенн жейсиңер силер. Тендериңердин баары акча жемей
+5
Alixan-Nookat.2015
2020-08-11 13:51:39
faraon312,Тендер бул мыйзамдуу коррупция экен.
0
Ruslan-Gaparov
2020-08-11 00:15:09
Молодец мужиксин брат которун ачтын алар сен айткан ценаданда арзан алышкан
+4
Sabette
2020-08-11 00:37:07
Анда жаңысын алгыла газель соболь булар жакшы машина эмес Германия Корея Япония сыяктуу өлкөлөрдөн алса болот силер алган ценада скорый машинаны!!!
+5
al-abu-kinesz
2020-08-11 01:09:56
Жакшы. Жаны автолор гана сатып алына турган болсо анда ошол машиналардын срок службы, характеристика, тех.обслуживание, ж.б.шарттары эске алынбайбы?? Лишь бы жаны и все да?
+4
Tolkun555
2020-08-11 07:50:11
Бардык нерсенин эсеби берилет.Бул жакта болбосо ,акыретте.
+3
Bars88
2020-08-11 08:54:37
Орустар оздору албайт экен газел соболдорду.Чет мамлекетикин алышат качественныйрагын
+3
bond
2020-08-11 11:49:28
Өзү тез жардамды часный фирмага берүү керек даже Москвада часный фирма иштетет ошондо жеке ишкерлер жакшы иштетмек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан