Биз социалдык тармакта

Жогорку окуу жайларга гранттык бош орундарга кошумча сынак башталды

Жогорку окуу жайларга гранттык бош орундарга кошумча сынак бүгүн, 11-августта башталды. Кабыл алуунун эрежелери мурунку турлардай эле. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун III турунда (3-5-август) "Абитуриент Онлайн" (https://2020.edu.gov.kg/) системине 7 миң 701 талон келип түштү. Анын 2 миң 678и бюджеттик орундарга, 5 миң 23 талон келишимдик негизде билим алууга.

III турдун жыйынтыгы менен 3 миң 952 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды. Анын 766сы бюджеттик негизде, 3 миң 186сы келишимдик негизде билим алышат.

III турдун жыйынтыгы менен системге жалпы 53 миң 12 талон катталып, ЖОЖдо окуй тургандыгын 21 миң 795 абитуриент тастыктаган: 4 миң 266 гранттык негизде, 17 миң 529 келишимдик негизде билим алат.

Гранттык бош орундарга:

Гранттык бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан тартып, 13-август, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Окуу жай тарабынан сунушталган абитуриенттер 14-августтан 17-август, саат 17:00гө чейин ЖОЖдо окуу ниетин тастыктоосу зарыл.

Келишимдик негизде билим алууга бош орундар:

Бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан 18-август, саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Окуу жай тарабынан сунушталган абитуриенттер 19-августтан 21-август, саат 17:00гө чейин ЖОЖдо окуу ниетин тастыктоосу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан