112 ыкчам байланышы боюнча үч айдын ичинде, тагыраагы 1-майдан 31-июлга чейин 614 жаран юридикалык акысыз консультацияларды алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Акысыз юридикалык консультацияларды алгандардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча - 417 адам;
Аймактар боюнча – 197 адам.
Кайрылгандардын ичинен эркектер – 232, аялдар – 382. Анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерден 19 жаран консультация алган.
Эӊ көп суроо менен жарандар кайрылган маселелер:
Ошондой эле кайрылган айрым жарандарга андан ары да юридикалык жардамдар керек болгондугу, андыктан 115 адам башка жактарга жиберилгендиги, алардын ичинен мамлекеттин эсебинен квалификациялык юридикалык жардамга 56 адам муктаж болгондугу белгиленет. Алар Мамлекет тарабынан кепилденген Юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборго жиберилген.