Бүгүнкү күндө Кыргызстан пандемияга байланыштуу кризисти баштан кечирип жатат. Кыргыз Республикасынын өкмөтү бардык финансылык-кредиттик мекемелерине насыя алуучуларды колдоо боюнча бир катар чараларды көрүүнү сунуштады. Биринчилерден болуп, кризиске каршы колдоо планын Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду кабыл алып, анын 3 баскычын иштеп чыкты.
1-баскыч.
2020-жылдын 19-мартында насыя алуучуларды колдоо боюнча шашылыш чара кабыл алынган. Анда белгилүү бир чөйрөдөгү ишканалар, өзгөчө пандемияга байланыштуу экономикалык кырдаалы начарлоодо тургандар кирген. Мындан улам насыя алгандардын төлөмдөрү кийинкиге жылдырылып, пайыздарды төлөөгө мораторий жарыяланган жана ушул мезгил ичинде башка каржылык милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн кечиктирилген айыптар колдонулбай турганы айтылган.
2-баскыч.
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун экинчи кризиске каршы чарасы фонд аркылуу жана башка финансы-кредиттик уюмдар каржылаган чакан жана орто бизнести колдоого багытталган. Чакан жана орто ишканаларга негизги карызды кайтарып берүү мөөнөтү узартылып, доллар аркылуу төлөнчү пайыздар төлөөдөн бошотулган. Коммерциялык банктар үчүн күрөөгө коюлган талаптар жеңилдетилген. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташкан 11 финансы-кредиттик мекемелер чакан жана орто ишканалардын өкүлдөрүнө насыяларды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырышкан.
3-баскыч.
Региондордогу экономикалык жигердүүлүктүн өсүшүнө түрткү берүү жана жумуш менен камсыз кылуу. Талас, Баткен жана Нарын облустарындагы чакан орто бизнестин минималдык чегин 200 миң доллардан 100 миң долларга чейин кыскартылган. Бул Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Албетте регионду өнүктүрүүгө бир ишкананын насыя бергени жетишсиз. Кыргызстандын учурдагы экономикалык кырдаалда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кластердик ыкмага негизделген насыялык продуктуларын иштеп чыкты. Алар сүт өндүрүү, эт өндүрүү жана аквакультураны өнүктүрүүгө багытталган.