Биз социалдык тармакта

Журналист Нурзат Ниязова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Узакка созулган оорудан улам 39 жаш курагында журналист Нурзат Ниязова дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтына жарыяланды.

"Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук", - деп жазышкан маркумдун кесиптештери.

Нурзат Ниязова 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин англис тили филологиясы бөлүмүн аяктаган.

2006-жылы РРТБнын бөлүмүнө ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптаныш мезгилинен тартып эмгектенген.

2015-жылдан тартып КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты журналисттин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-08-11 18:16:33
Ыйманы саламат болсун! Жаман болуптур жаппаш курагында кетти.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан