Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы: "Элдин 3төн 2 бөлүгү коронавируска чалдыккан жок же симптомсуз өтүп жатат"

Элдин 3төн 2 бөлүгү коронавируска чалдыккан жок же симптомсуз өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифинг берип жатып билдирди.

“Кыргыз өлкөсүндөгү Илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала болжол боюнча, бизде 9 жашка чейинки балдардын оорушу дээрлик аз болгондуктан, аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгуусу мүмкүн деп – эсептөөгө болжол менен 4,2 миллион адамды киргизишип, прогноздор жүргүзүлдү. Ачык булактардын маалыматтарына ылайык, элдин 3төн 2 бөлүгү ооруга чалдыккан жок же симптомсуз өтүп жатат. Ал эми 1,4 миллион адамдын ичинен 3төн 1 бөлүгү же 466 миң адам жеңил формада, дарыгерлердин жардамысыз өтүп жатат", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан