Өкмөттө ушул аптада мектепке карата даярдык тууралуу маселе боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, жыйын 14-августта болот. "Билим берүү жана илим министрлиги иш-чараларын жүргүзүп жатат. Жыйында окуу жайларда кандай систем менен окуулар жүргүзүлө турганы талкуулап, чечим кабыл алабыз", - деди Боронов.