Республикалык бюджеттен сасык тумоого каршы вакциналарды сатып алууга 200 миллион сом которулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Бул биринчи кадам. Планга ылайык, эмдөө сентябрь айынын аягына чейин жүргүзүлөт", - деди өкмөт башчы.
Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дарылардын керектүү тизмеги жаңыртылды. "Ага ылайык дары-дармектердин тизмесине 56 аталыш, медициналык жабдууларга 59 позиция бекитилди", - деди Кубатбек Боронов.