15-сентябрда Казакстандын Алматы шаарында өспүрүмдөр арасында III Евразия оюндарынын ачылыш аземи болду. Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, мелдештердин ачылышында театрлаштырылган шоу көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, III Евразия оюндарына Кыргызстандан 100 спортчу спорттун 12 түрү боюнча катышмакчы. Ошондой эле делегациянын курамында 23 машыктыруучу, 10 калыс бар.