"Медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрү өз убагында төлөнүүдө", - деп бүгүн, 11-августта онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Бүгүнкү күнгө чейин - 807 миллион сом жумшалды. Анын ичинен июлда айлык маянага кошумча төлөм катары 424 миллион сом республикалык бюджеттен берилди", - дейт өкмөт башчы.
Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көлдөгү пансионатта 130 медицина кызматкери эс алып келип, учурда 170 медицина кызматкери эс алып жатканын айтты. "Медицина адистерин кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кыска курстардан окутуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө", - деди премьер-министр.