SUPER.KG порталына жалгыз бой эне Элнура Чалкышова жардам сурап кайрылды. Ал үчүнчү наристесин көз жарганына 15 күн гана болгон. Башка дагы бир кызы, бир уулу бар. Жолдошу мындан 4 ай мурун каза болуп калган. Учурда "Аламүдүн" базарында кайыр сурап отурат экен.
"Үч балам бар. Үчүнчү наристемди 15 күн мурун жарык дүйнөгө алып келдим. Жолдошум 4 ай мурун каза болуп калган. Учурда каралашар эч ким жок болгондуктан, кайрымдуу адамдардан жардам сурап кайрылып жатам", - дейт ал.
Жардам берүүнү каалагандар болсо, 0501 11 06 07 номерине байланышсаңыздар болот.
ЭЛСОМ: 0501110607; 0501110607.