Базар-Коргондо бет капчан белгисиз үч адам каракчылык кылган деп шектелүүдө

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда каракчылык фактысы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

7-августка караган түнү саат 03:00 чамасында Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылынын 63 жаштагы тургунунун үйүнө бет капчан белгисиз үч адам каракчылык кылуу максаты менен киришкен. Алдын ала маалымат боюнча, жашы 25-30 чамасындагы үч адам кирип келип, үйдүн ээсин, жубайын, жана 24 жаштагы баласын сабап, денелерине жаракат келтиришкен. Кол салгандар белгисиз курал менен коркутушуп, дүкөндүн ичинде кассада турган 2 миң сомго жакын акчаны алып качып кетишкен.

Окуя болгон жерге Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери барып, бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алышкан. "Каракчылык" беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан