Биз социалдык тармакта

Эки жергиликтүү соттордун судьяларына ротация жасалды

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү сотторду которуу (ротациялоо) жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Абдимиталип Абылакимов Жалал-Абад облустук сотунан Баткен облустук сотуна, Султангазы Жороев Баткен облустук сотунан Жалал-Абад облустук сотуна которулду.

Мындай ротациялоо процедурасы эки тараптын тең судьяларынын макулдугу менен ишке ашырылат.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан