"АКНЕТ" компаниясы Саламаттыкты сактоо министрлигине "Тез жардам" унаасын жана кычкылтек концентраторлорун тапшырды

Урматтуу кыргыз эли!

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштүн туу чокусунда, биздин республика жана дүйнө жүзү бул илдет менен биргелешип, күчүбүздү бириктирип күрөшө аларыбызды түшүнүп жатабыз. Биргелешкен аракеттер гана вирустан тезирээк кутулууга жардам берет. Мындай учурда жөнөкөй адамдардан баштап ири компаниялар жана бизнесмендерге чейин бардыгы элибиздин ден соолугу үчүн мамлекетти колдоого даяр. Мындай учурда биз дагы четте карап турбайбыз! Жөнөкөй тургундарга, дарыгерлерге, ыктыярчыларга, коопсуздук кызматкерлерине жана башка муктаж адамдарга гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз көрсөтүүдөн тышкары, "Акнет" көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын деңгээлин көтөрүүгө аракет кылат. Бүгүн "АКНЕТ" компаниясынын жетекчилиги толук жабдылган "Тез жардам" унаасын жана 10 кычкылтек концентраторун Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берди. Бул демилге биздин өлкөнүн калкын COVID-19 менен күрөшүүдө колдоого багытталган. Биз биргеликте бул илдетти жеңе алабыз. Биздин кайраттуу дарыгерлерибизге, алардын эрдиги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Таазим жана сый-урмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан