Биз социалдык тармакта

Чу дарыясына чөгүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө иштери уланууда

Чу дарыясына чөгүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө иши уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кочкор районунун Теңдик айылында Чу дарыясына 7-августта 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштерин улантуу максатында Кочкор райондук №42 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылып, натыйжа болгон эмес. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулуп, ал кайрадан 12-август күнү улантылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан